Депутат Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгү канча экенин сурады

Депутат Аалы Карашев акыркы үч жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү канча экенин сурады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 миллиард 300 миллион, 2018-жылы 2 миллиард 103 миллион, 2019-жылы 2 миллиард 565 миллион сом болгонун белгиледи.

"Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешелерин 70 пайыздан 90 пайызга чейин бөлүштүрүүдөн республикалык бюджетке түшкөн которуулардын көлөмүн көтөрүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга багытталганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан