Дистанциялык окутуу. О! Мобилдик операторунун маалыматтарына ылайык кандай жыйынтыктар жана жетишкендиктер болду?

Быйыл кыргызстандык окуучулар жана мугалимдер баарына күтүүсүздөн төртүнчү чейректи толугу менен аралыктан окутуу форматында өтүштү. Кыргызстандагы дистанциялык окутуу 2020-жылдын 8-апрелинен тартып 30-майына чейин уланды.

Өлкө үчүн кыйын кырдаалда О! Мобилдик оператору өзгөчө абал киргизилген алгачкы күндөн тартып дистанциялык окутуудагы мугалимдер менен окуучуларды ар тараптуу колдоо боюнча чечим кабыл алган.

Март айында эле балдарыбыз таң эрте мектептерге баштыктары жана алмаштырып кийүүчү кийимдери менен кетип жатышты эле. Анан, мына – логиндер жана шартбелгилер, атайын сабактардын жүгүртмөсү менен телесабактар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүчү интернет-платформаларындагы окутуу материалдары пайда болду. Мугалимдер менен кайтарым байланышы Google Classroom электрондук журналы жана WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom мессенжерлеринде ишке ашты. О! Мобилдик оператору бул ресурстардын баарына гана эмес, бардык мугалимдер менен окуучуларга дүйнөлүк эң ири «ЯКласс» билим берүүчү платформасына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Бардык окуу материалдарын нөлдүк баланста да колдонууга мүмкүн болду.

240 миңден ашуун мугалимдер менен окуучулар О! түйүнүнүн акысыз байланышы менен камсыз болду.

Дистанциялык окутуу учурунда кыска мөөнөттүн ичинде иштелип чыккан жаңы «Мугалим 200» жана «ОКУУЧУ» тарифтеринин алкагында бүт өлкө боюнча 240 миңден ашуун мугалимдер менен окуучулар О! түйүнүндөгү толугу менен акысыз мобилдик байланыш менен камсыз болушту.

Дистанциялык окутуунун жыйынтыктары Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы катары жарыяланган 2020-жылы өзгөчө символикалуу болуп калды. Жамандык болмоюнча жакшылыктын баркы билинбейт дегендей, пандемия мурун бул технологияларды кабыл алууну каалабагандарды дагы жаңы технологияларды ыкчам үйрөнүүгө түрттү.

Миңдеген окуучулар менен мугалимдер жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүрүп алышты:

  • «Мой О!» мобилдик тиркемесиндеги «Мектеп» баракчасын 270 миң жолу ачышты;
  • Сабактардын жүгүртмөсүнүн баракчасын 70 миң жолу ачышты;
  • Видеосабактарды 100 миң жолу көрүштү.

Акысыз «О!TV Окутуу»

О!TV тиркемесиндеги видеосабактарды көрүүгө арналган «О!TV Окутуу» акысыз кызматынан 290 миңден ашуун окуучу активдүү пайдаланды. Апрель жана май айларында рекорддук көрсөткүчкө жетишти:

  • Баластан – 3 миллион 800 миңден ашуун көрүү;
  • Илим Билим – 2 миллиондон 700 миңден ашуун көрүү.

Дистанциялык окутуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу талаш-тартыштар уланууда, бирок анын башкы артыкчылыгы – анын универсалдуулугунда. Ар ким өзүнүн билимин өз алдынча каалаган учурда өркүндөтө алат. Анын дагы бир артыкчылыгы – окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүндө. Каалаган окуу китепти же конспектини оор баштыкты ташыбай туруп, электрондук түрдө окуса болот. Каалаган жерде жана өз темпинде окуса болот.

Бир кыйла оор окуу жылы аяктады. Ишенимдүү түрдө санариптик келечекти пландаштырууга боло тургандыгын, айласыз абалдардын болбой тургандыгын жыйынтыктасак болот.

Сиздин О! Мобилдик операторуңуз ар дайым жаныңызда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан