5-сентябрда Кыргызстанда 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы орун алды. Аламүдүн районунун Маевка айылындагы үйлөрдүн биринде 6 тонна көмүр күйүп кеткени маалым болду. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.