Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өкмөттүн азыркы курамын отставкага кетирди. Маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Александр Лукашенко 3-июнда өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. Анда Лукашенко министрлер кабинетинин кетишин алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырды. Беларусь президенти өкмөттүн курамындагы өзгөрүү эч кандай мааниге ээ болбой тургандыгын белгилеп, "өкмөт алмашканда төңкөрүш болот деп күтпөш керек" деди.
Ушул жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтөт. Шайлоого Александр Лукашенко алтынчы ирет талапкерлигин коёт деп жазылат маалыматта.