Пакистанда "Airbus 320" жүргүнчү ташыган учагынын кыйрашына учкучтун кетирген катасы себеп болгону айтылууда

Пакистанда "Airbus 320" жүргүнчү ташыган учагынын кыйрашына учкучтун кетирген катасы себеп болушу мүмкүн. Мындай тыянак Пакистандын жарандык авиация башкармалыгынын отчётунда көрсөтүлгөнүн жергиликтүү басылмалар жазышат.

Маалыматта аталган учактын учкучуна диспетчер тарабынан эки жолу эскертүү берилгени айтылат.

"Иликтөөгө берилген документтерде диспетчер "конуу тилкесине кирүүнү токтот" деп учкучка айтканы жазылган. Себеби ошол маалда учактын ылдамдыгы көрсөтүлгөн нормадан бир топ жогору болгон. Мындай ылдамдык менен тилкеге кирүү кооптуу болгон. Бирок берилген эскертүүлөргө карабай учкуч учакты кондуруу аракетин токтоткон эмес. Анын натыйжасында "Airbus 320" калктуу конушка кулап түшкөн", - деп жазылат мааалыматта.

Эскерте кетсек, 22-майда Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташыган учак кулап түшүп, анын натыйжасында учактагы 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза тапкан.

Пакистандагы жүргүнчү ташуучу учактын кулап түшкөндөгү видеосу жарыяланды
Карачи, Пакистан. Авикырсыкка учураган учак төрт турак үйдүн үстүнө кулап түшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gute
2020-06-04 15:37:22
Ишти эрте, оной жабыш учун коп авиакырсыктарда лётчиктерди куноолоп коюшат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан