Канадада сутка ичинде биринчи жолу коронавирус жуктургандардын санына салыштырмалуу айыккандардын саны көп болду. Бул жөнүндө өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, сутка ичинде 675 адамдан вирус аныкталса, айыккандардын саны 691ге жетти.
Акыркы маалыматтарга ылайык, вирусту Канадада 94 миң 641 жаран жуктурган болсо, 51 миңден ашык бейтап айыгып, ооруканадан чыккан. Каза болгондор - 7 миң 579.