Талантбек Исаев, Жол-кайгуул кызматынын башчысы: "МАИчилерди тоготпой качкан Назгүл Чодронованын күнөөсүнө жараша жазасы аныкталат"

"Бишкекте МАИчилерди тоготпой качкан Назгүл Чодронованын күнөөсүнө жараша жазасы аныкталат",- деп билдирди ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев. Башкы МАИчи окуя 2 ай мурун болуп, инспекторлор аталган факты боюнча протокол түзүп, каттоого албагандыктан аталган айымга өз учурунда чара көрүлгөн эмес. "Азыр анын жол эрежелеринин канчалык бузганы, башкача айтканда, канчалык чоң эреже бузганы каралууда. Кетирген күнөөсүнө жараша административдик жаза берилет",- деди Исаев.  

Айта кетсек, 9-июнь күнү аталган айым жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерлеринин токтотууга аракет кылган буйругун тоготпой, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр анын артынан кууп ишине чейин барышкан. Унаадан түшкөн айым "Суранчиевге, Мелис байкеге телефон чалам" деп унаанын номурун чечип алган инспекторду коркутмакчы болгон. Анан бирөөгө телефон чалып, ал эми инспектор командиринин чалуусунан кийин номурду кайтарып берген. Бул окуя тартылган видеотасма бүгүн маалымат булактары аркылуу коомчулукка жарыяланды. 

Өз убагында тийиштүү документ түзүп, чара көрүүгө аракет кылбаган инспекторго да чара көрүлүшү мүмкүн экени айтылууда.

 

Белгилей кетсек, айдоочулардын минтип жогорку кызматтагыларга таянып МАИ кызматкерлерин тоготпой басып кеткен учурлары биринчи жолу болуп жаткан жок. Ал тургай кол көтөргөн учурлары болот. Эске салсак, быйыл эле ырчы Айгерим Расул кызы да жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерине токтобой качкан. Артынан кууп барган МАИчилердин бири ырчыдан токмок жеген. Ырчынын апасы жол кыймылын көзөмөлдөөчүнүн формасына асылып, тополоң салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mayoral
2013-09-06 16:27:57
Законду сыйлабаган жапайылар дегенден башка соз жок!!!!
0
Shai
2013-09-06 16:32:08
Ошондо Айгерим Расул кызына кандай чара кордунор жарыялабадынарго. Же суттон аппак кылып актап койгондурсунар. Кана ошону жоопко тартыш керек болчу апасын кошуп. Жонокой ырчы ошондой жасаган кылмышы учун жазаланбаган, Назгул айым Суранчиевдин аркасынан коптогон МАИчилерди кечирим сурататко али. Супер инфо кечирим сурап калбасанар эле адашып калыптырбыз деп.
+2
NurbekKG
2013-09-06 16:34:52
Аа ошол командир сөрөйдү териштирбейсиңерби? Аты-жөнүн, званиясын так көрсөтүп гезитке жазып чыгарбайсыңарбы? Эл да милицияда иштеген паракорлор ким экенин билип койсун.
0
admin_superstan
2013-09-06 17:58:55
NurbekKG, Саламатсызбы!
Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
0
NurbekKG
2013-09-06 16:36:56
Жеген ооз уялат болуп, же баардык милициялар уялып олтурасыңарбы? Кыргызстанда милиция калкты коргобой эле, тоноп калдыңар го.
0
777bek
2013-09-06 17:13:27
МАИни сыйлабай качкандар мамлекетти да жоо жургунчулорду да сыйлабаганга барабар. Ал айымдын ой....у чон болсо керек да.
0
admin_superstan
2013-09-06 17:25:19
zman53, ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынган.
3 күн БАН!
0
Almaz75
2013-09-06 18:24:45
номерин чыгарып алган маи кызматкери ал кыздан небак эле кечирим сураса керек.мурун болгон окуя турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан