Актёр Болотбек Тилек бүгүн, 4-июнда сүйүктүүсү Арууке айым менен баш кошуп, үй-бүлөлүк жашоого кадам таштоодо. Учурдагы абалды эске алуу менен үйлөнүп жатканын айткан актёр буларга токтолду.
"Март айында сүйүктүүмө сөйкө салгам. Андан кийин карантин болуп калды. Азыр деле абал туруктуу эмес. Мындан улам саналуу адамдар менен, тагыраагы ата-энем, бир туугандарым жана досторум менен 12 киши болуп сүйүктүүмдү алып кетүүгө келдик. Кыз узатуу Бишкек шаарында эң жакын адамдардын курчоосунда өтүүдө. Буюрса, үлпөт тойду күз мезгилине пландап жатабыз. Баары абалга жараша болот", - деди ал.
Күйөө жолдоштун милдети актёр Сапар Сайназаровдо экенин кошумчалады Болотбек Тилек.