Грузиянын Тбилиси шаарында көчөдөн өтүп бараткан адамдарга карганын эч себепсиз эле кол салып, чокулап кетип жаткандагы видеосу тараган.
Кийин белгилүү болгондой, карганын мындай жоругунан соң 5 адам ооруканага кайрылууга мажбур болушкан. Алардын жарааттары анча чоң болбогону менен кадимкидей дарылануудан өтүшкөн.
Карганын мындай агрессивдүү аракетин орнитолог, зоологдор балапандарын коргоп жатышы менен түшүндүргөн. Ошентсе да Тбилисидеги окуяны териштирүү үчүн атайын укук коргоо органдары тартылган. Ал эми карга кол салган аймактагы көчө чектөөгө алынганы маалымдалат.
Адистер өзгөчө жаз айынын аягында канаттуулар агрессивдүү болушарын айтышкан. Себеби ушул учурда алардын балдары жумуртка жарып чыгат. Көп учурда уясы бузулууга дуушар болгон канаттуулар балдарын коргоо үчүн ушундай аракеттерди көрүшөт.