"Forbes" басылмасы дүйнөдөгү эң кирешелүү жылдыздардын тизмесин жарыялады
"Forbes" журналы жыл ичинде эң көп киреше тапкан дүйнөлүк жылдыздардын рейтингин жарыялады. Ага ылайык, алдыңкы үчтүккө модель Кайли Женнер, рэпер Канье Уэст жана теннисчи Рожер Федерер кирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Америкалык модель Кайли Женнер жыл ичинде 590 миллион доллар киреше таап, тизменин сап башынан орун алды. Анын кирешесинин негизги бөлүгү, тагыраагы 51 пайызы өзүнүн косметикалык каражаттарды чыгарган компаниясынан түшөт.
Америкалык миллиардер Канье Уэсттин бир жылдагы кирешеси 170 миллион долларды түзүп, экинчи орунга жайгашты. Рэпердин кирешесинин негизги бөлүгү спорттук бут кийимдерди чыгарган компаниялар ("Yeezy" жана "Adidas") менен түзгөн келишимден түшөт.
Ал эми 106 миллион 300 миң доллар кирешеси менен швейцариялык теннисчи Рожер Федерер үчүнчү саптан орун алды. Муну менен ал эң кирешелүү делинген биринчи теннисчи аталды деп айтылат маалыматта.