Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун соттук отуруму башталганы турат.
Учурда Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп достору келүүдө. Ал эми блогер маанайы жакшы экенин, соттон адилеттүү чечим күтүп жатканын билдирди.
Буга чейин блогердин социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.
Ага карата Октябрь РИИБи 313-берене боюнча иш козгоп, учурда сот бул ишти карап жатат.