Таиландда балык уулап жаткан баланын тамагына тирүү балык кирип кетип, такалып калган

Таиландда балык уулап жаткан 15 жаштагы Ху аттуу баланын тамагына кокустук болуп тирүү балык такалып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Ху өзүнүн достору менен бирге "Анабас" деген 10 сантиметрлик балыкты уулап, колдорун бошотуп чаканы алгыча, оозунда кармап турууну чечет. Ал аңгыча тирүү балык соймолоп баланын тамагына кирип, такалып калат. Хунун шериктери балыкты өз алдынча алып чыгууга аракет кылганы менен эч майнап чыкпай, алар ооруканага кайрылууга мажбур болушкан. Дарыгер баланын тамагынан балыкты алып чыккан. "Бир аз кечиккенде асфиксия башталмак, ошондо Хунун өмүрүн сактап калуу оор болмок" деген дарыгер. Ал балык уулоого баргандардын арасында мындай окуялар көп болорун кошумчалаган.

Маалым болгондой, Анабас же жылма балыктардын дем алуу органдары башка сууда сүзүүчүлөрдөн өзгөчө түзүлүштө болгондуктан, суусуз 6 сааттан 10 саатка чейин жашай алышат. Ошондуктан, алар жээкке көп чыгышат. Айрым учурлардар бактарга да соймолоп чыгып кеткендери айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kulundu.89
2020-06-08 08:49:56
Охоо бакка соймолоп дейби
0
Eden-Hazard
2020-06-08 10:47:27
kulundu.89,анан не деп турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан