Жалал-Абад. Шаарда жаңы көп кабаттуу үй курулат

Жалал-Абаддагы Спутник кичи шаарчасына жаңы көп кабаттуу үй курулат. Ал 60 батирлүү болуп, 1 жана эки бөлмөдөн турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда шаардын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков билдирди. Айтымында, ушул жылы 25-сентябрга чейин курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялануусу күтүлүп жатыптыр. Курулуш бүтөрү менен батирлер калаадагы үйгө эң муктаж адамдарга берилет. Ошондой эле жаңы үй-бүлө курган жаштарга да басым жасаларын айтат биринчи вице-мэр. Спутник кичи шаарчасы Жалал-Абад шаарынын батыш тарабында жайгашкан. Кичи райондо учурда 84 көп кабаттуу үй, 3 мектеп жана 5 бала бакча орун алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан