Америкалык UFC мушкери Алджамейн Стерлинг машыгуу учурунда аны орусиялык мушкер нокаутка учуратканын айтты. Бул тууралуу Стерлинг америкалык басылмаларга берген маегинде айткан.
"Бир жолу мен машыгуу учурунда нокаут абалына түшкөм. Бул ким десеңиздер, ал орусиялык мушкер Забит Магомедшарипов болчу. Мен ага чейин, анын ким экенин жана кандай мушкер экенин билчү эмесмин. Жыйынтыгында Забит мен үчүн коркунучтуу болуп чыкты. Ал мага ар тараптан сокку уруп, мени сабап кирди. Менде ал учурдун видеосу бар. Бул учур чындыгында эле мен үчүн кооптуу болгон", - деген Алджамейн Стерлинг.
Забит Магомедшарипов өзүнүн карьерасында жалпы 19 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 18 жолу жеңүүчү аталса, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми америкалык мушкер Алджамейн Стерлинг жалпы 21 беттеш өткөрүп, анын ичинен 18 жолу жеңишке жетсе, үч жолу жеңилүү ызасын тартып калган.