Лейлектен ок атуучу курал алынды. Лейлек районундагы кызматкерлердин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Исфана шаарында 42 жаштагы жаран сайлуу “АК-74М” Калашников үлгүсүндөгү калибрдүү ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.
Маалымат Лейлек РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Лейлек РИИБинин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Лейлек районунун Исфана шаарынын 42 жаштагы тургуну Саркент талаасына жашырып койгон жеринен Калашников үлгүсүндөгү 5,45 мм калибриндеги ок атуучу курал 6 даана 5,45 мм октору менен алынган.
Азыркы күндө бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал эми кармалган 42 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.