Автокырсыкта Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жашар бала табылды
4-сентябрь күнү Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында автокырсык болуп, 6 адам каза тапкан. Анда сууга чөгүп кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бүгүн,
6-сентябрда ӨКМнын куткаруучулары Суучулдарды даярдоо борборунун 4 суучулу менен
бирге издөө иштерин жүргүзүп, саат 11:30 чамасында 2011-жылы туулган Нуртегин
Абдыназаровду табышты. Анын денеси 14-16 метр тереңдиктен табылды. Баланын денеси ИИМдин Кара-Көл
ШИИБинин кызматкерлерине тапшырылды. Эске салсак, 4-сентябрь күнү Бишкек-Ош
унаа жолунда Нарын дарыясына Хонда-Степвагон унаасы жүргүнчүлөрү менен түшүп
кетип 6 адам каза таап, 2 адам жаракат алган. Каза тапкандардын бири 2
жашар Нуртегин сууга агып кетип издөө иштери жүрүп жаткан.