Дүйнөгө кулачын кеңири жайган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кытай Эл Республикасы дүйнөнүн 150 өлкөсүнө жардам берген. Бул тууралуу кытайлык Синьхуа агенттиги жазып чыкты.
Анда май айынын аягына чейин Кытай 27 өлкөгө 29 медициналык эксперттердин тобун жөнөтүп, 150 өлкөгө жана 4 эл аралык уюмга ар кандай жардамдарды көрсөткөндүгү айтылат. Мындан тышкары Кытай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна COVID-19 вирустук инфекциясына каршы күрөшүүдө 50 миллион долларлык көмөк көрсөткөн. Ошондой эле жеке коргонуучу каражаттарды камсыздоого жана анын запасын толуктап туруу ишине активдүү катышкан. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражат топтоо максатында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан түзүлгөн фондго да салымын кошкон.
Жогоруда аталган ишке кытай бийлиги, менчик ишканалар, мамлекеттик эмес уюмдар жана колунда бар кайдыгер эмес жарандар катышкан.