UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор үчүнчү жолу карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.
"Баарыңарга салам. Мен карьерамды жыйынтыктоону чечтим. Ушул укмуштуу эскерүүлөр үчүн баарыңарга рахмат", - деген Макгрегор.
Макгрегор акыркы беттешин 19-январда UFC 246 турниринин алкагында америкалык Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.