АКШдагы нааразычылык акциясында таштандыга толгон көчөнү тазалаган 18 жаштагы окуучу акысыз билим алат

АКШнын Буффало шаарынын 18 жаштагы окуучусу Антонио Гвинн нааразычылык акциясынын кесепетинен таштандыга толгон көчөлөрдү өз алдынча тазалаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Антонио Гвинн көчөнү таштандыдан тазалоону түнкү саат 02:00дө баштап, дээрлик 10 саат бою тазалоо ишин уланткан. Кийинчерээк ага кошуналары жардам бергени чыгышкан. Бирок ал убакта көчөнү Антонио тазалап бүтүп калган. Окуучунун айтымында, шаардагы кең көчөлөрдүн бири айнекке жана таштандыга толуп калган. Тургундардын көпчүлүгү жумушуна баруу үчүн дал ошол көчөдөн өтүшөт. Ошондуктан эртең мененкиге чейин ал көчөнү иретке келтирүүну чечкен.

Анын бул кылган ишин жергиликтүү тургундар баалап, бул тууралуу маалымат булактарына билдиришкен. Көп өтпөй Мэтт Блок аттуу жаран өзүнүн 2004-жылы чыккан кызыл түстүү Mustang унаасын белекке берген. Кызыгы окуучунун мындан 2 жыл мурун каза болгон апасынын да кызыл түстүү Mustang унаасы болгон. Мындан улам анын белеги символикалуу мааниге ээ болуп калган. Дагы бир ишкер окуучуга унаасын бир жыл акысыз камсыздандырууну туура көргөн. Гвинн мектепти аяктагандан кийин акчанын тартыштыгынан улам кесиптик училищеге тапшырууну пландап жаткан. Буффало шаарындагы колледждердин бири ага бизнес тармагында акысыз билим алууну камсыздай тургандыгын убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AykaMer
2020-06-08 11:48:52
Мына сага,мээнеттин ырахаты деп ушуну айт....
+12
Telibaitentek
2020-06-08 13:58:16
AykaMer,элге колдогондорго ырахмат десең.а бизде болгондо бомуш экен демек
+3
bond02
2020-06-08 11:52:45
38 жаштагыдай корунот го.
+10
Baatirbek81
2020-06-08 13:10:41
bond02,мен ошондой ойлодум.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан