Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бет кап тагынуу тууралуу пикирин өзгөрттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан коронавируска байланыштуу бет кап тагынуу тууралуу жаңы пикирин билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган уюм дени сак адамдар да вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана социалдык аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жайларда сөзсүз бет кап тагынуу керек деген пикирин билдиришкен. Себеби бет кап кооптуу болгон жайлардан вирус жугуу коркунучун алдын алат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус: "Өкмөт жарандарына социалдык аралык сакталбаган коомдук жайларда бет кап тагынууну милдеттендириши керек. Мисалы, коомдук транспортто, дүкөн, базар сыяктуу киши көп топтолгон жайларда сөзсүз бет кап тагынуу керек", - деген ал.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан коронавирус менен оорубаган дени сак адамдын бет кап тагынуусу кажет эместигин, аны бир гана ооруп жаткандар тагынышы керек деген пикирин билдиршкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан