О! Мобилдик оператору ар бир абонент өзүн максималдуу жайлуу сезе ала турган санариптик экочөйрөнү өркүндөтүүнү улантууда. Дал ошондуктан сервистин жогорку сапатын туруктуу камсыздоо О! операторунун башкы максаты болуп саналат. Жакында техникалык жумуштардын кезектеги этабы жүргүзүлдү, анын алкагында бүт өлкө боюнча бир катар калктуу пункттарда түйүндүн 4G LTE-инфраструктурасы модернизацияланды:
Бүгүн мобилдик интернеттин жардамы менен О! абоненттери билим алып жатышат, коопсуз чөйрөдө аралыктан иштеп жатышат, бири-бири менен байланышта болушат, үйдөн чыкпай туруп дүкөндөрдөн сатып алууларын, ошондой эле “Мой О!” тиркемесиндеги “О!Деньги” капчыгы аркылуу 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди жана башка көптөгөн нерселерди онлайн төлөй алышат.
О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн камтуусу Кыргызстандын калкынын 97 пайыздан ашуунун түзөт. О! түйүнүнүн https://o.kg/kg/zona-pokrytija/ жана https://o.kg/kg/o-kompanii/razvitie-seti-o/ тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар www.o.kg сайтында жайгаштырылган.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц.:№2021030817, №3022030817.