Атактуу мушкер Мэнни Пакьяо Филиппиндеги президенттик шайлоого аттанат

Атактуу филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо Филиппинде 2022-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс залынын мүчөсү, америкалык юрист Боб Арум билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мурда мушкер болгон адам биринчи жолу президент болот. Мен Пакьяо менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал мага "Боб мен 2022-жылы боло турган президенттик шайлоого катышууну чечтим. Эгер мен шайлоодо жеңишке жетсем, сен менин инаугурацияма катышууңду каалайм" деди", - деген Арум.

41 жаштагы Пакьяо бокс тарыхындагы сегиз салмак категориясында дүйнө чемпиону болгон жалгыз мушкер. Ал өзүнүн карьерасында жалпы 71 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 62 жолу жеңишке жетсе (39у нокаут менен), 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана дагы эки беттеши тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2020-06-08 23:19:32
Аябай татыктуу адам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан