"АКШга виза алып берүүнү убадалаган". Бишкекте 24 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаардык милициясынын опер кызматкерлери АКШга виза алып берем деген убада менен жарандан ири көлөмдөгү акча алган жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкектеги Октябрь РИИБнен маалымдалды.

Ага ылайык, 5-июнь күнү Октябрь РИИБине Б.Б. аттуу жаран чала тааныш кызына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Өзүнүн арызында ал өткөн жылдын ноябрь айында АКШга виза алууга жардамдашам деген кыз ишенимине кирип 11 миң 200 долларын алганын, бирок убадасын аткарбай, жашаган жерин жашырып качып жүргөнүн жазган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204 (алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Криминалдык кызматтын опер кызматкерлери бул ишке шектүү катары 24 жаштагы А.К.ны кармап, тергөөгө алып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизди. Учурда милиция тарабынан анын башка иштерге катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Урматтуу жарандар, эгерде сүрөттө көргөн адамдан жапа чеккендер болсо, 0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 жана 102 номерлерине байланышыңыздар", - деп жазылат Октябрь РИИБнин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Krai
2020-06-08 20:07:36
Көзүн жаап койсоңор эмне көкүрөгүн көрүп тааныйбызбы
+20
bazar
2020-06-08 21:00:15
Krai, жардың адамды. Күлө берип ич эзилди.
+5
karapayim
2020-06-08 21:16:36
Сыдыманга 6 жыл берип камайбыз дейсинер... Мына ушуга окшогон арамзааларды камаш керек!!!
-8
KaGaH
2020-06-08 23:18:40
Көзү жабык экен, көкүрөгүнөн тааныганга аракет кылып атам,бирөөгө окшоштуруп
+6
taalay25
2020-06-09 08:09:27
Ээ байкуш ал жерге жылан баласын да тушурбосун! Эми оперлер талпагын чыгарат каалаганча тепселеп
+2
Krai
2020-06-09 16:18:29
Өзү жаш эле кыз экен. Бешиктен бели чыкпай атып миллиондогон акча алып коюптур. Жүрөгү тоодой экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан