Татарстанда жетиштүү көңүл бурган жоксуңар деген баласы ата-энесин бычактап салып, атасы каза болду

Татарстанда 18 жаштагы бала бычак менен ата-энесине кол салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, ал ата-энесине кол салгандан кийин өзүн да бычактаган. 7-июнь күнү ал 56 жаштагы атасына жана 53 жаштагы апасына бир нече жолу бычак сайган. Андан кийин бул кылмышка менден шектенишпесин деген ой менен өзүнө кол салып, үйүн өрттөп салган. Коңшулар өрттү көрүп куткаруучуларды чакырышып, үй-бүлөнү ооруканага жеткиришкен.

"Алган жаракатынан улам саналуу сааттардан кийин атасы көз жумган. Апасы оор абалда ооруканада.

Баласы бул кылмышын моюнга алган. Көрсөтмөсүндө ата-энем мага жетиштүү көңүл бөлбөйт деп кылмышка алдын ала даярданып жүргөн. Тергөөчүлөр "адам өлтүрүү", "эки же андан көп адамды өлтүрүүгө кол салуу" беренелери менен кылмыш ишин козгошкон. Алар сотко кылмышка шектүүнү камакка алуу өтүнүчү менен кайрылышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2020-06-09 02:07:02
Кудай балдарыбызга ыйман ынсап берсин, талаалап тентип жүрөбүз айлап жылдап көрбөй
+2
mirlanpiter
2020-06-09 02:12:50
Эч кимди күнөөлөгүм келбейт,мени бул Россияга бирөө кууп айдап келген жок, өзүм көп акча табуу максатында келдим , Кудай насиб эткенинче иштеп таап,балдарымды камсыз кылып жүрөм, үй жай салып анан баруу максатым Кудай буйруса..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан