Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавирус пандемиясынан улам үйлөнүүгө шарты жок 207 жигитке акчалай жардам берет. Мындай маалымат чет элдик басылмаларга жарыяланды.
Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө эли оор кырдаалга кептелип, экономикалык кризиске дуушар болуп турган чагы. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн бардык өлкөлөр антикризистик пландарды иштеп чыгуу менен алектенип жатышат. Ал эми Чечен Республикасынын башчысы коронавирус пандемиясынан улам бюджет жагынан кыйналып, үйлөнө албай калган жигиттерге акчалай жардам берүүнү туура көргөн. Маалыматта үйлөнө турган 207 жигитке калың бергенге 50 миң рублдан берилери айтылат. Каражат Ахмат Кадыров атындагы фонддон берилмекчи.
Чеченстандын Дин башкармалыгынан билдиришкендей, пандемиядан улам кызга 2 унаа менен келгенге гана уруксат берилген. Ал эми үйлөнүү үлпөт жөрөлгөсү эң жакын адамдардын курчоосунда гана өтүшү керек.
Белгилей кетсек, Чеченстанда COVID-19 инфекциялык вирусу катталгандан бери 1 миң 365 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 15 адам каза болсо, 993 адам айыгып чыккан. Буга чейин Рамзан Кадыровдун коронавирус жуктуруп алганы маалымдалып, бирок ал дени сак экендигин билдирген.