Биз социалдык тармакта

Владимир Путиндин 25 жыл мурдагы кол тамгасы аукционго коюлду

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кол тамгасы аукционго коюлду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, лоттун баштапкы баасы 40-50 миң рублди түзөрү айтылган.

"Владимир Путиндин 1995-жылы менчик компанияны мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо күбөлүгүнүн астына коюлган колу автограф катары аукционго коюлган. Бул жылдары Орусия лидери Санкт-Петербург шаардык мэриясында тышкы байланыш комитетинин төрагасы болчу. Ал кезде бардык биргелешкен ишканалар Путин төрагалык кызматты ээлеген комитеттен каттоодон өтүп турушкан. Аукцион 17-июнда Санкт-Петербург шаарында өтөрү айтылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-06-09 14:20:05
Кол тамгасынын суротун чыгарып койсонор болмок, мумкун жагып калса алып калат белек.
+3
Daniel8885
2020-06-10 00:39:41
Акчасын эптей албагандар алат аныда...кызык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан