Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кезектеги жыйынга адаттан тыш жарашыктуу кийинип келип, элдин бардыгын таң калтырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын чогулушта көңүлү көтөрүңкү маанайда отурган жана анын ден соолугу да жакшы экени байкалган. Белгилей кетүүчү жагдай, анын пиджакка окшош ак көйнөгү элдин көңүлүн бурган. Ал социалдык аралыктын эрежелерин сактаган. Бирок кесиптештери сыяктуу бет капсыз жүргөн.
Ким Чен Ын катышкан жыйында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана айыл чарбасына химиялык жер семирткичтерди өндүрүү маселелери талкууланган.
Бүгүнкү күнгө чейин Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек.
Ким Чен Ындын өлүмү тууралуу ушак-айыңдар чыккандан кийин ал эл алдына үчүнчү жолу чыкты. Буга чейин ал 1-майда жер семирткичтер заводунун ачылышына катышып, кызыл лента кескен. 25-майда Эмгек партиясынын Борбордук Аскердик комитетинин кеңейтилген жыйынына катышкан.