Флойд Мейвезер карьерасын жыйынтыктаган Конор Макгрегорду реваншка чакырды

Америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер жакында эле карьерасын жыйынтыктаганын жар салган ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду реваншка чакырды. Бул тууралуу Мейвезер Макгрегордун Инстаграмдагы баракчасына комментарий кылып жазган.

"Эгер мен жаңылбасам, сен Майк Тайсонго мени менен экинчи жолу беттешсем жеңем деп айткансың. Эми карьерамды бүтүрүп жатам деп жар салдың. Менин оюм боюнча, сен тарыхтагы мыкты мушкерди жеңгиң келет. Эгер сен муну кааласаң, мен буга даярмын жана сага дагы бир жолу мушташкан кандай экенин көргөзөм", - деп жазган Мейвезер.

Эске салсак, Мейвезер-Макгрегор беттеши 2017-жылы 27-августта АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Анда Мейвезер атаандашын беттештин 10-раундунда техникалык нокаутка учуратып, жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rafo80
2020-06-09 18:03:07
Мейвезер эркек болсо бул жолу ММА шарты боюнча мушташсын.
+1
PROS
2020-06-10 12:19:33
Экөө тең грязный спортсмендер, бири бирине дал келет))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан