БУУнун эксперттери АКШга адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу кат жөнөттү

АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун өлүмүнө себеп болгон адам укуктарынын бузулушу жөнүндө кат 9-июнда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Эксперттик жумушчу тобу тарабынан АКШ бийлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу БУУнун басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, кат БУУнун жол-жобосу боюнча жөнөтүлгөн жана Жорж Флойддун ишине байланыштуу. Катта АКШ бийлиги тарабынан адам укуктарынын бузулушу мүмкүн экендиги жазылган.

Эске салсак, 25-майда тэги африкалык болгон Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык орун алган.

Жорж Флойддун сөөгү бүгүн, 9-июнда өзү төрөлүп өскөн АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында жерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан