Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Ош шаарында үй-бүлөдөгү ажырашуулардын саны 3 эсеге өстү. Бул тууралуу шаардык Жарандык актылардын абалын каттоо китебин берүү мекемеси маалымдады. Жыл башынан бери 1040 адам расмий түрдө никеге турса, 268 түгөй ажырашыптыр.