Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча соттук иштин акыркы чечими чыкты.
Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго карата сот 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Мындан тышкары ага мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом өлчөмүндөгү каражат төлөп берүү милдеттендирилди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар: