Баткендин Кара-Булак айылында 5-сентябрь күнү белгисиз бирөөлөр атып кеткен бир үй-бүлөдөгү 4 адам бүгүн, 7-сентябрда жерге берилет. Муну аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы кабарлап, учурда аларды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө даярдык көрүлүп жатканын айтты. Айта кетсек, кылмышкерлер бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кетишкен. Алардын төртөө ошол жерден эле көз жумса, үй ээси Тажибай Эралиев учурда оор абалда ооруканада жатат.
Каза болгондор: Рахат Эралиева, үй ээсинин жубайы. 1951-жылы туулган
Каныбек Эралиев, уулу. 1986-жылы туулган
Аида Байзакова, келини. 1990-жылы туулган
Каныбек кызы Мадина, үй ээcинин небереси. 6 айлык.
Баткен РИИБи алгач өлтүрүлгөндөрдүн эң кичүүсү 1 жашта деп, кайра 6 айлык ымыркай экендиги такталганын билдирген. Кырсыктан үй-бүлөдөгү 3 жаштагы кыз гана аман калыптыр. Кандайча аман калганы азырынча белгисиз экенин айтат аймактык кабарчыбыз.