Каза болгондор бар. Японияда күндүн аптаптуу ысыгынан бир аптада 1194 адам жабыркады

Японияда күндүн аптаптуу ысыгынан бир апта ичинде 1 миң 194 адам жабыр тартты. Бул жөнүндө дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.

Анда жазылгандай, жай айынын башталышы менен Японияда күндүн аптаптуу ысыгы катталды. Мындан июнь айынын биринчи аптасында 1 миң 194 адам жабыркаган. Тилекке каршы, алардын ичинен 2 жаран каза болгондугу айтылат маалыматта.

Каза болгон жарандар Ямагата жана Фукусима префектурасында катталган. Дагы 14 префектурада 19 адамдын абалы оор экендиги айтылууда. Шейшемби күнү Токиодо абанын температурасы 31 градуска чейин жорулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eddi.
2020-06-09 22:21:14
31 ерунда бизде 40 болуп жатат
0
KalenAlmaz
2020-06-09 23:06:22
31 градус болсо салкын го
0
forester
2020-06-10 00:00:14
Ал жакта намдуу башкача ыссык болот. Ал жакта +31 болгондо, бизде +45 деп койо бергиле. Ишенбесеңер барып көрсөңөр билесиңер. Мен Россиянын түндүгүндө Красновищерскта токойдо карагай кыйып жүрөм, бүгүн бизде +32 болду, баш айланып алсырап каласың. Намдуу ыссык.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан