Казакстандын Алматы шаарында 69 жаштагы адам өзүнүн кызын жана күйөө баласын атып өлтүрдү. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, жакындарын өлтүргөндөн кийин ал өзүн-өзү атып өлтүргөн.
Маалыматта кандуу окуя үй-бүлөлүк чырдан улам орун алганы жазылат. 3 адамдын өмүрүнүн кыйылышына колдонулган курал үй ээси, балдарын аткан адамга катталгандыгы аныкталган. Учурда териштирүү иштери улантылууда.
"Чыры өлүм менен аяктаган үй-бүлө бардар жашаган. Каза болгон аял 8 айлык кош бойлуу дагы болгон", - деп жазылат маалыматта.
Айрым басылмалар каза болгон аял 33 жашта, күйөөсү 23 жашта экендигин жазышса, кээ бир маалыматтар боюнча аялы 41, күйөөсү 33 жашта болгон.