АКШнын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун сөөгү Техас штатындагы Хьюстон шаарынын четиндеги көрүстөнгө апасынын жанына коюлду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сөөк коюу учурунда сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Маркумду жерге берүүдө анын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын адамдары гана катышты. Флойддун сөөгү салынган табыт эки ак аттын коштоосундагы ак арабада көрүстөнгө жеткирилди. Сөөк жерге берилип жатканда, көп адамдар "Мен дем ала албай жатам", "Тизеңди мойнумдан алчы" жана "Жорж Флойд" деп кыйкырышкан.
Эске салсак, Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандыктар орун алган.