
Таиландда жоголуп кеткен украиналык журналист кыздын жансыз денеси Самуй аралынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маркум журналисттин сөөгү ал токтогон мейманканадан анча алыс эмес жерден табылган. Аны ошол мейманканада иштеген кызматкер көрүп калган.
Журналист 32 жаштагы Ольга Фролова экени аныкталган. Ал 2020-жылдын 25-майынан бери дайынсыз болуп жатканын жолдошу кабарлаган. Маркумдун сумкасынын ичинен уюлдук телефону жана ноутбугу жоголгону кабарланат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, журналист кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн.