Социалдык тармактарда турак үйдүн сыртын толугу менен чиркейлер каптап жаткандагы видео тараган.
Аны жүктөгөн адам "бул үйдүн сыртын кир каптаган эмес, ал чиркейлердин массалык каптоосунан улам карарып кеткен" деп жазган.
Окуя Якутиянын Средноколымск шаарында катталганы маалым. Видео социалдык тармактарга тарары менен колдонуучулар 2020-жыл оору-сыркоо, кырсыктардын жылы болуп жатканын белгилешкен.