"Ал көзүн ачты". Хабиб Нурмагомедовдун атасынын абалы айтылды

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдун абалы турукташууда. Бул тууралуу мушкердин менеджери Али Абдель Азиз ESPN басылмаcына билдирген.

"Хабиб жана анын үй-бүлөсү, атасы дагы күчтүү. Хабибдин атасынын акыбалы жакшырууда. Ал көзүн ачып, бир аз реакция кылды. Бул жакшы белги. Биз баары жакшы болот деп ишенебиз. Учурда анын ден соолугу акырындан жакшырууда. Биз абдан кубанычтабыз", - деген мушкердин менеджери.

Эске салсак, 26-апрелде Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип ооруканага түшкөн. Анын абалы оор бойдон калып жатканы кабарланган. Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин Хабибге атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болоорун убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан