Патрулдук кызматы түзүлгөндөн бери жолдогу коррупция 80 пайызга азайганы айтылды

Патрулдук милициянын жаңы кызматы түзүлгөндөн бери жолдогу коррупция 80 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ички иштер органынын реформалоо бөлүмү боюнча жумушчу топтун башчысы Темирлан Ибраимов онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Патрулдук милициянын реформалоонун негизги максаты - коррупциялык иштерге жол бербөө экени маалым. Алгач Бишкекте түзүлгөн бул кызматтын түзүлүшү 6 айдын ичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Ош облусунда деле ошондой болот деген ишеничтебиз.

Кызматкерлерди тандоодо ачык айкындуулук камсыздалып курамдын басымдуу бөлүгүн жөнөкөй жарандар түздү. Ош облусунда дагы өтүп жаткан конкурска жарандарды активдүү катышууга чакырабыз. Себеби Бишкекте тандалып алынгандар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Алсак, Бишкек шаарында бир гана жол коопсуздугу эмес, коомдук тартип да сактала баштады.

Кылмыш окуялары карантин маалында 42 пайызга азайса, кайгуул кыматы жаңы түзүлгөн 2019-жылдын ноябрь-октябрь айларында 16 пайызга азайды", - деди Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suzak12
2020-06-10 18:14:32
Койсонор озунорду озунор мактабай
0
Jelezo
2020-06-10 20:26:45
Мурда күнүнө миллион сом салык салсаңар азыр 200миңге түшүрүпсүңөр да.Процентин так эсептегениңерге караганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан