Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев отставкага кетиши боюнча билдирүү таратты.
"2020-жылы Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнө окууга өттүм. Окуу бир жылга созулуп, бул аралыкта мен бошобой тургандыктан, өлкө президенти жана өкмөт башчы менен кеңешкем. Мындай мүмкүнчүлүк бир гана жолу келерин айтышып, колдошту. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан кетем, ал эми президенттин кеңешчиси болуп кала берем", - дейт Догоев.
Дастан Догоев бул кызматка былтыр 30-майда дайындалган.