Түркиялык ойлоп табуучу эң чакан шахматтык топтомду жасап чыкты. Анын көлөмү канцеляриялык кнопканын көлөмүндөй, тактап айтканда, 9 миллиметр экенин түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Мини шахматтын жаратуучусу анын үстүндө 6 ай бою иштегенин билдирген. "Күнүнө алты саат маал-маалы менен иштеп жаттым, кээде чарчап калган учурлар болду. Бирок ишимдин жыйынтыгы мени кубандарды", - деген Неджати Коркмаз.
Шахматтын айрым элементтерин микроскоп аркылуу гана көрсө болот. Буга жараша фигуралардын көлөмү 1 жарым миллиметрден 3 миллиметрге чейин экени маалымдалат.