Баткендеги булак чырында жаракат алган Чечме айылынын тургуну каза болуп калды

Баткендеги Чечме айылында орун алган чек ара чырынан жараат алган тургун каза болуп калды. Маалыматты маркумдун досу, Чечме айылынын жашоочусу Манас Саматов тастыктады.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 31-май күнү ашар жолу менен тазаланып жаткан жерге азык-түлүк алып барган. Күтүүсүздөн өзбек тарап жаңжал чыгарган. Ошол учурда өзбекстандык тажиктер тарабынан ыргытылган таштар ага дагы тийип, кан басымы көтөрүлүп кеткен.

"Маркум Айтбай Акынов Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө 10 күн жаткан. Маркум 49 жашта болгон. Анын артында 2 уул, 1 кызы калды. Аябай жакшы адам эле, чек ара деп дүйнө салды", - деди Саматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-06-10 15:41:03
Ыйманы саламат болсун! Жакындарына сабыр!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан