Белгилүү шотландиялык актёр Шон Коннери жашаган вилла сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Анда жазылгандай, Франциянын Ницца шаарындагы виллада Жеймс Бонд тууралуу тартылган "Агент 007" тасмасындагы башкы ролду аткарган шотландиялык актёр Шон Коннери жашап кеткен. Вилланын сатыкка коюлган баасы 30 миллион евро.
Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги 6 кабаттуу "Le Roc Fleuri" вилласынын аянты миң чарчы метр. Деңиз жээгинде жайгашкан виллада ачык асман алдындагы бассейн, үйдүн ичинде лифт, уктоочу 8 бөлмө, СПА жана машыгуучу бөлмө бар. Бул үйдү жергиликтүүлөр дагы деле Шон Коннеринин үйү деп аташат.
Учурда Шон Коннери жубайы менен Багам аралдарында жашайт.