Дүйнө жүзүндөгү эң коопсуз өлкө болуп кайрадан Исландия аталды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Анда жазылган маалыматка ылайык, эң коопсуз өлкөлөрдүн сап башында Исландия турса, андан кийинкиде Жаңы Зеландия орун алды. Бул тизмеде Португалия үчүнчү орунга жайгашты.
Биринчи ТОП-10до Австрия, Дания, Канада, Сингапур, Чехия, Япония жана Швейцария орун алды. Орусия бул тизмеде 154-орунда жайгашкан. Ал эми Кыргыз өлкөсү 93-орунда жайгашса, Казакстан 70-орунда, Өзбекстан 103-орунда.
Мындай тизме Экономика жана тынчтык институтунун (IEP) жыл сайын жарыяланган докладында түзүлгөн.
Бул тизмеге жалпы 163 өлкө кирген. Ирак, Сирия жана Ооганстан өлкөлөрү эң акыркы орунда жайгашкан.
Рейтинг негизиги үч факторго (коопсуздук, уланып жаткан жаңжалдар жана өлкөлөрдүн милитаризация) таянып чыгарылган.