Баткендеги Чечме айылында каза болгон жарандын эмнеден улам көз жумганын Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Эмилбек Сулайманов SUPER.KG порталына билдирди.
"Ал жаран Чечме айылындагы тополоңго катышкан эмес. Ал өзүнүн ден соолугуна байланыштуу биздин ооруканага түшкөн. Тактап айтканда, ал экинчи жолу оор инсульт алган. Мындан улам жандандыруу бөлүмүндө 9 күн жатып, жакшы боло албай каза болуп калды", - деди Сулайманов.
Буга чейин Баткендеги Чечме айылында орун алган чек ара чырынан жараат алган тургун каза болуп калганын маркумдун досу, Чечме айылынын жашоочусу Манас Саматов билдирген.