КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү: "КТРКда эки тараптуулук болгон жок. Жөн эле мактануунун эмне кереги бар?"

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда.

Анда вице-спикер Аида Касымалиева бир жылда кандай ийгиликтүү иш болгонун сурады.

Байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Болгонбаев КТРК эки тараптуулукту сактап жатканын айтты. "Бир жылда көп окуялар болду. Биз ошолорго калыс туруп бердик. Биз мактана турган нерсе бул эки тараптуулук болду. Мурда КТРКда мындай мүмкүнчүлүк түзүлчү эмес. Ошондой эле балдар контентин өзгөртүүгө аракет кылып жатабыз. Кылынган иштерибиз көп", - дейт ал.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Анаш Кадырова КТРКда эки тараптуулук болбой жатканын айтты. "Эки тараптулук болуп, укмуш кылып берип жатабыз" деп Байкоочу кеңештин төрагасы айтып жатат. Мен эки тараптуулукту көргөн жокмун. Эч кандай эки тараптуулук жок. Анда элдин баары бизди карап калбайбы. Коронавирусту кайсы телеканал жакшы чагылдырды дегенде КТРК эң акыркы орун алды. Кылына турган иштер көп", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан