Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенкого карата "мыйзамсыз буйрук берүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик тергөө бюросунун экинчи бөлүмүнүн башчысы Вадим Приймачок жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Приймачоктун билдиришинче, Порошенко тышкы чалгындоо кызматынын башчысын Сергей Семочкону өзүнүн орун басарлыгына дайындоого мажбурлаган деп шектелүүдө. Ал кошумчалагандай, тергөөчүлөр азыркы учурда Порошенконун баш коргоо чарасын карап жатышат жана бул иш Киев шаарынын Печерский райондук сотуна өткөрүлүп берилет.
Пётр Порошенко 2014-жылдын 7-июнунан 2019-жылдын 20-майына чейин Украинанын президенти болгон.