27-сентябрда ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы шайланат
Ош Мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагалыгын жана студенттик акыйкатчыны шайлоо 27-сентябрь күнү өтөт.
Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Керим Калыгуловбилдирди.
Айтымында, бүгүнкү күндө шайлоо комиссиясы
такталып, талапкерлерди кабыл алуу иштери жүрүүдө. Талапкерлерди тактоо
иштери 13-сентябрда кечки саат 17:00дө аяктап, андан ары окуу жайдын
студенттерине үгүт иштери жүргүзүлө баштайт. Талапкерлер окуу жайдын
студенти, аспиранты же жаш мугалими болушу тийиш экендигин кошумчалады Калыкулов.