Түркмөнстан Борбор Азиядагы COVID-19 вирусу боюнча эң кооптуу өлкө аталды. Ал эми Кыргыз өлкөсү 108-орунда

Борбор Азия боюнча Түркмөнстандагы эпидемиологиялык абал эң кооптуу деп табылды. Бул тууралуу "Deep knowledge group" түзгөн рейтингде белгилүү болгондугун чет элдик басылмалар жазышат.

"Deep knowledge group" (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын биримдиги. Ал илимий изилдөөдөн тарта бизнес тармагына чейин аналитикалык изилдөө жүргүзүп турат) түзгөн рейтинг өлкөдөгү карантиндик режимдин эффективдүүлүгү, мониторинг, саламаттыкты сактоо системинин даярдыгы, ишмердүүлүгү жана жалпы эле эпидемиологиялык абал сыяктуу факторлоду эске алуу менен түзүлгөн.

Аталган рейтингге ылайык, Борбор Азия боюнча Казакстан 71-орун, Кыргыз өлкөсү 108-орун, Өзбекстан 121-орун, Тажикстан 124-орун жана эң акыркы 131-орунга Түркмөнстан жайгашкан. Белгилей кетсек, Түркмөнстан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында коронавирус каттала электигин айтып келет.

Эпидемиологиялык абалы коопсуз болгон өлкөлөргө Швейцария, Германия, Израиль, Сингапур, Япония, Австрия, Кытай, Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея кирген. Ал эми рейтингге кирген 200 өлкөнүн эң акыркы орундарында Либерия, Ооганстан, Чад, Мали, Руанда жана Түштүк Судан жайгашкан.

Түркмөнстан өлкө аймагында COVID-19 вирусу каттала электигин айтып келет. Ошондой эле социалдык аралыкты сактоо, санитардык-гигиеналык эрежелер, бет кап тагынуу сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген көрсөтмөлөр аткарылбай жаткандыгы айтылат.

Буга чейин АКШ Түркмөнстан коронавируска каршы профилактикалык иштерди жүргүзүүсү үчүн 1 миллион 420 миң доллар бөлгөн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери аталган өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды аныктоо үчүн баруусу күтүлүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-06-11 11:44:16
Мамлекети ошончо бай Өзбекстандан алдыда экенбизда!
+1
bond
2020-06-11 13:18:45
AdylbekB84,мамлекеттин байлыгынан эмес бул корсоткуч.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан