Акыркы илимий изилдөөлөргө караганда, коронавирустун экинчи толкуну болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу италиялык вирусолог Массимо Клементи билдирген.
Италиялык дарыгерлердин изилдөөсүнө ылайык, май айында коронавирус жуктуруп алган бейтаптарда оорунун курчтугу басаңдаган. Ошондой эле вирус жуктуруп алгандардын көбү оорунун жеңил түрү менен жабыркап, үйдөн эле дарыланууга мүмкүн болгон учурлар көп болгон.
"Биз 1-марттан 15-мартка чейин коронавирус жуктуруп алган 100 бейтапка, андан соң май айынын экинчи жарымында түшкөн 100 бейтапка изилдөө жүргүздүк. Изилдөөнүн жүрүшүндө эпидемия күч алып турган учурда вирустун өмүргө коркунучу жана бейтаптарда вирустун курч формада өтүүсү жогору болуп жатты. Ал эми май айында вирустун курчтугу 10 эсе басаңдаганы аныкталды", - деген Клементи.
Айтымында, мындай көрсөткүч менен коронавирустун экинчи толкуну болбойт деп ишенүүгө мүмкүнчүлүк бар. Вирус кайсы бир өлкөдө өтө тездик менен жайлып жатса, айрым өлкөдө бул процесс жай жүрүүдө. Бул вирустун потенциалынын жоголуусуна алып келет. Акырындап бул вирус агрессивдүүлүгүн жоготуп, алсызданып калат да кадимки сасык тумоо катары эле өтүп кетүүчү касиетке жетиши мүмкүн.
Буга чейин Япониядагы белгилүү инфекционист дарыгер Акихиро Сато дүйнө жүзүнө кучагын кеңири жайган коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдуулугун 90 пайыз деп баалагандыгы жазылган.